эмес

китептерде 1572 жолу, 10 китепте
  1. Терс маанини, танууну билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей энем торпокто, / Торпок эмес токмокто. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бул жерге келген кайтып кетчү эмес. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →