эмде
- Ооруга жагып, аны айыктырып кетүүгө тийиш деген түшүнүктөгү табыпчылык, дарымчылык амал-айлаларды колдонуу.
- Чечекке ж.б. ооруларга каршы алдын ала дарылоо, эм кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрдигиңе ишенип, / Эмдеке өскөн элиң бу, / Ташкенди бузуп талкалап, / Тартынбай кирдик чалкалап, / Кашкардагы калдайдын, / Кармап башын кескенде, / Кандабай тонун чечкенде, / Аттанып чыкты кырк чоро, / Анда булар бар беле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
болсо бир күнү, / Кереги тийип калар, деп, / Миң жолборстун жүрөгүн, / Бир катырып берди эле / Жетиден тизген бир кылга, / Дегеле саны бир мынча, / Дары менен эмдеген, / Кургай элек кан менен, / Катылуу турат азыр да” / Деп ойлонуп Чыныке, / Жаштай кеткен Сейиттин, / Жан саадагын алдырып, / Кесенин оозун ачтырып: / — Кылжыке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Домуң барың домдогун, / Тескери болсо оңдогун, / Эбиң барың эмдегин, / Эркек тууса Чүрөктүн, / Баласын колго бербегин, / Кыз тууса Чүрөк сүйүнгүн, / Сүйүнчүлөп жүгүргүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →