элпек2
- Ийкемдүү, бурган жакка кеткен, оозу жумшак (мис. жылкыга же башкарып, башын буруп жүрүүгө туура келген башка унааларга карата); дилгирлик менен аракеттенген, жеңил, шамдагай (мис. адамга карата), тил алгыч, кичи пейил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бак тайгылса кокустан, / Качкан куштай конбос, – деп, / Иш оңунан өткөндө, / Төгүлгөн айак толбос, — деп, / Кайышып калса кокустан, / Элпек төөчө бир демде, / Эл-журтумду тонорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жанда жок элпектик менен атып турдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →