элкин
- Түгөйү жок, жалгыз, жеке, жалгыз өзү.
- Ээн, бош, ээн-эркин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу менен жер сайып, / Мурдунан каны шорголоп, / Жаныңда калбай жалгыз ит, / Маңгыттардын тобуна, / Качып кирди корголоп, / Элкиндей басып Майтору, / Кетип барат жорголоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элкин башым жүргөмүн, / Нечен жоого тийгемин, / Ырас чыным келгенде, / Жүздөндү кырып ийгемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ээн жерде Кененим, / Элкин жалгыз бараткан, / Элүү миң аскер, он балбан, / Чиктей хан өзү келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чыркырап бала ыйласа, / Сиз боор толгоо кыларсыз, / Өкүмүң эки кылбайын, / Өлтүрбөй муну турбайын, / Мага кошуп бергиниң, / Кашындагы уланың, / Өлтүрүп элкин талаада, / Үстүнө таштан жыйайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элөөрүгөн Гүлчоро, / Элкин баатыр Канчоро, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Коркпой турган Байтайлак, / Короолуу койду бөрү айдап, / Ээн талаага баргандай, / Сай бойлотуп кыргандай, / Кытай, калмак журттарын, / Кырып салды ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →