элир
- Ээлигүү, жээлигүү; токтоно албоо, жулкунуу; чарчабоо.
- Шаттануу, кубануу, толкундоо.
- Элирмеси кармоо.
- Эсирүү, эсиркөө, шоктонуу, тентектенүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Туулгасын көмөрүп, / Намысы үчүн көгөрүп, / Жонунда калкан темирден, / Кара бойу кем эмес, / Орто- карта сеңирден, / Толук кези отуз жаш, / Кутурган иттей элирген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айылдан чыккан Чигитей, / Алды-артын ойлоп кенебей, / Эпсиз баатыр бул чунак, / Элирген бала ченебей, / Кылчаыйп артын карабай, / Кыргыз үчүн өлөм, дейт, / Кылча жанын айабай: / “Таласка душман баскынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кытайдан келген Кылжейрен, / Кызыккандай элирген, / Байкасаң көзү башкача, / Күйгөн шамдай керилген, / Алмамбет дайым таңданып, / “Бактыма бүткөн ат” – деген, / Ошол үчүн казактан, / Күлүк бер мага дебеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олжого кетип Айчүрөк, / Кайра барса Таласка, / Келин алып, уул үйлөп, / Аныбыз жаман кеп эмес, / Эртең менен эр Гүлүс, / Элиртип минип Суратты, / Койчапдарга мингизип, / Ээрчитип келип чунакты, / Кайыпчыга бет алып, / Канча төөнү чубатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эрик берип чоң кылдың, / Элирген баатыр зор кылдың, / Ушу бүгүн жараткан, / Не мынчалык кор кылдың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →