элик
- Ача туяктуу, артында таңы бар, буту-колу ичке, сындуу кийиктин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эликтей кылып тор атты,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап жүрбөдү, / Жөө күрөшкө кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Деп, Күрөңдү аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Эңиш тартып эрениң, / Эликтей колун сайылтып, / Ат куйругун жайылтып, / Тосо чыгып жолборсуң: / — Ким болосуң өзүңөр, / Барасың кайда, жол болсун?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арка алган, кулжа алган, / Эчки алган, теке алган, / Элик, куран, жээрендин, / Качан бирин куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →