элес
- Кандайдыр бир нерсенин, окуянын, иштин ж.б. сөлөкөтү, көз алдыга тартылган, ой аркылуу чагылган көрүнүшү; образ.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…таштап талаага, / Башымды кесип кетер, — деп, / Тааныбай мени калды” – деп, / Жолго түштү тепеңдеп, / Медеркан ойго келгенде, / Күндөй бети балкыган, / Көрүндү элес бир жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…кшы эмес, Саламат, / Сенин мындай турушуң, / Чаар толуптур көзүңө, / Каар толуптур жүзүңө, / Жакшы-жаман иш болсо, / Жашырбай айткын өзүмө, / Аркаңда сенин бир элес, / Жамандыктын белгиси, / Көрүнүп турат көзүмө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баатыр Чубак алаңдап, / Арка жагын карады, / Элестенди аңгыча, / Кулжага Чубак карааны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Карынын кебин албаган, / Жакшы болбойт ошол жаш, / Жыгылганым билемин, / Эми көрдүм силерди, / Орто жерде кандай иш, / Не болгонун билбеймин, / Түш көргөндөй элестейм, / Акшумкар алып колума, / Тайбуурул минип жүргөнүм, / Бир кыз жүрдү аралаш, / Айчүрөк деген күмөнүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошол бирибирибизден кыпындай жашырбас элес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →