элеп

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. диал. Токтоно албай койгондук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан Калдыктын колунда, / Билегинде тери жок, / Аны Калдык кенебей, / Элеп койгон жери жок, / Эр азамат неме экен, / Эрдигинин эби жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бели кындай, ат найдай, / Белдүү чочко Коңурбай, / Алгарага камчы уруп, / Кара жанын каршы уруп, / Кангайлап ураан чакырып, / Катуу кирди качырып; / Жакыптын уулу кара көк, / Элеп койбойт шашылып, / Аккүбө тонун жамынып, / Ак жолборстой чамынып, / Арстан келет калт этпей, / Аскалуу тоодой залыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Топону көккө сапырып, / Кактырып мурун найзасын, / Намысына ачынып, / Сала берди, түгөнгүр, / Кара жаак найзаны, / Сейитимге качырып, / Ошондо да жолборсуң, / Элеп койбойт ашыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ал Коңурбай каапырдын, / Айлакерин элеп ук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →