элдик

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Элге, эмгекчи калкка таандык, элдин кызыкчылыгын көздөгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а келип Бактыбай, / Арачы болот дебесин, / Коркуп менден жалтанып, / Салаачы болот дебесин, / Тил албаса Каракөз, / Жазасын колго беремин, / Курбалдаш элек бир элдик, / Айтпай койду дебесин, / Мында турбай кечигип, / Менин ушул бар кебим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мылтык атып, жаа тартар, / Капкан койуп жан багар, / Эгин эгип мал табар, / Элди эркине койбойсоң, / Алгыр бүркүт алман ит, / Элдикин алып ойнойсуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
деп, / Кургак кептер элдики. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жети төрдө жаткан эл, / Бул шумдукту айтышып, / Турушканда биле албай, / Ажыбайдын Керменбай, / Айтып калды мамындай: / — Үч күн болду, капырай, / Сабада кымыз ачыбайт, / Казанда айран уйубайт, / Катындардан сурасам, / Саан малдан сүт чыкпайт, / Элдики кандай билбеймин, / Биздин үйдө эт бышпайт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күмөнсүз бала сеники, / Үч жылдан кийин төрөсө, / Кандай болот элдики? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →