эл

китептерде 4774 жолу, 10 китепте
  1. Мамлекеттин, өлкөнүн калайык калкы.
  2. Улут, белгилүү бир тилде сүйлөгөн калк.
  3. Көпчүлүк, коомчулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайыр айтып, кош айтып, / Келген элди таратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →