эй
- Бирөөнү чакырганда, бирөөгө кайрылганда ж.б. айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үч белден ашып калың кол, / Үркөрдөй кирет Кеңколго, / Биз эмине кылабыз, / Эй, жигиттер, ошондо?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эл копкунча дүркүрөп, / Эр Жамгырчы айтат кеп: / — Эй, калайык кары-жаш, / Өз–жат дебей аралаш, / Баш кошкон күнүң болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан Кыйаз анда кеп айтат: / «Эй, Канчоро — деп айтат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Эй коя турсаңшы, аналар бирдеңке деп жүрмесин,— деп башын көтөрүп, жаңкы мага көйнөк берген солдат жакка карады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эй кан, акылыңа кел, ээси келатат, аманатын колуна сал, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →