эжеке

китептерде 56 жолу, 7 китепте
  1. Өзүнөн улуу аял же кыздарга (көбүнчө окуткан мугалимдерине) сылык, сыйлоо иретинде кайрылуунун формасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эчтеме билбейт экенмин, / Эжеке, сенин алдыңда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көзүм өтсө казанды, / Кармап калсын Бакдөөлөт, / Күң бойунча ыйлабай, / Жайнап калсын Бакдөөлөт, / Эжеке, көзүң өттү, деп, / Сайрап калсын Бакдөөлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кутулгандай эки кыз, / Күкүктөй сайрап күлүңдөп, / Кумарлуу эрдин аттарын, / Айтып ийсе Кылжыке, / Кубанышып сүйүнүп: / — Эй, эжеке, Кылжыке, / Андай күндү буйурса, / Арман ойдон жуулса, / Ак жолубуз ачылса, / Алла Таала буйурса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мени оозуна албайт, деп, / Көөнүнө албас энекем, / Мага берер билгини, / Талашпас менден эжекем, / Атанын жүзүн көрбөдүм, / Чоң энем менен чоң атам, / Бүгүн жүзүн мен көрдүм, / Бала кезден бер жакка, / Абакем Гүлүс көргөнүм, / Биле албайым абамдын, / Кандай кеңеш берерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эжеке Чүрөк деп айтып, / Эптүүсүнүп кеп айтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →