эже
- Бир тууган же туугандык жакындыгы бар, жашы улуу кыз же аял.
- Өзүнөн улуу аялга, кызга кайрылганда айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлбөй тирүү турганда, / Унутуп калбай эжени, / Жылында бирден барабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Унутуп калган белемсиң, / Талаага койуп эжемди, / Таң күнү ыйлап жүргөндү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Семетей, / Мени менен бир тууган, / Тиги Айчүрөк экен, — деп, / Бүгүн болду ашкере, / Кайыпчал атам айткан кеп, / Сүттөн ишим ак эле, / Эл айыңдап жүрбөсүн, / Эжесинен Көкмончок, / Эр талашып жүрөт, деп, / Жүргүн, кыздар, жүргүн” дейт, / Айчүрөккө билгизбей, / Түк кишиге туйгузбай, / Көйкапка кирип кеткен дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жаткан энемди басып жыгылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып, эки эжесинин артынан кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →