эгин
- Дан берүүчү өсүмдүктөр, аштык жана анын даны, түшүмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүз үйлүүчө кыргызды, / Талап алып кетиптир, / Эгин эгип, жер айдап, / Элге жаккан жанайга, / Ушул кабар жетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кытай каңгайды, / Жанупта ооган, коросон, / Жетисууда жедигер, / Ортодо тажик, өзүбек, / Ушулардын баарысын, / Алым алды кыргыздар, / Эгин айдап, чөп чаппай, / Эгинин ичти кыргыздар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар, / Орого куйган эгин бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Саргарып эгин бышыптыр, / Алманын шагы ийилип, / Кыргыек учар табы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Былтыр эгин болбой калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →