эгиз1

китептерде 52 жолу, 7 китепте эгиз 2 →
  1. Бир энеден бир мезгилде туулган эки бала, төл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атасын Кара дөө жеген, / Абылды такка мингизди, / Жетилбай менен Көкбука, / Тилегин колго тийгизди, / Сейиттен эгизбиз, / Телегейи тегизбиз, / Атаң Темирбек болсо, / Болжолдуу күнү келиңиз, / Адам алдап, сөз танып, / Алдамак болсоң, Көкбөрү, / Анда өзүң билиңиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Эгизги тоого бар,-деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кандай кастык кыласьң, / Кара нээт Канчоро, / Эмчектешкен эгизиң, / Тууганың турса Гулчоро?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Аялым эгиз эркек, бээм эркек кулун тууду-дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →