эгер

китептерде 86 жолу, 10 китепте
  1. Шарттуулук маанисиндеги байламта сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Биринин башын алсам, — деп, / Жаңылыпмын жаздым деп, / Бекбачанын алдына, / Көтөрүп алып барсам — деп, / Барган менен көтөрүп, / Мага ишенбейт Бекбача, / Эгер калса ишенип, / Колума алсам ишентип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эгерде Кеңкол бул болсо, / Мында туруп нетели, / Түн бойунча жетели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Хан жардыгы тура албай, / Мойнун эч ким бура албай, / Эсенхан, эгер оңбо, деп, / Эгерде эки болбо, деп, / Кара аскер менен калың журт, / Көзүн жаштап кай бирөө, / Аткаралы жарлыкты, / Асылганы көпүрө, / Ачууланган нечени, / Айт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →