эбеп

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Санаа, кайгы, убайым.
  2. Шектенүү, күдүктөнүү, убайым жеш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көргөн жерде Кененим, / Карап көрүп жарасын, / Мен табам деп, чарасын, / Эбеп менен себептен, / Эзип туруп чапканы, / Кабыгы менен кайыңды, / Тышынан аны чаптады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эбеп менен себептен, / Кубат менен Медеттен, / Каныкей жасап иштеткен, / Бар дарыны ичирип, / Күн тогузга толгондо, / Кененимдин бойуна, / Койбой жараат бүтүрүп, / Коңторуп картын түшүрүп, / Жаткырып койду уктатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Келээри менен Каныкей, / Эбеп менен себептен, / Бирмыскал менен Бурулча - / Ал экөөнө жегизген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Апы менен сапыдан, / Эбеп менен себептен, / Медетке нушту коштуруп, / Кырма кызыл эритип, / Эби менен жуткуруп, / Кылайган жерде оору жок, / Сейтек калды кутулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Армандуу кылып хан атам, / Арбагы эбеп жөлөбөй, / Манжунун ханы Мадыкан, / Агызып каным койорбу?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →