ыштык

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Тери, чанач ыштай турган жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лпылдап, / Ачуу келип алаңдап, / Баатырдын бойу кылчылдап, / Азуулары качырап, / Көздөн жалын чачырап, / Жебенин огу зыркырап, / Найзанын күүсү куркурап, / Кол ыштыктай мурундан, / Түтүн чыгып буркурап, / Кезек менен кээри жок, / Чынар менен Мураттын, / Эрдигинин чеги жок, / Биринен бири жазганып, / Тартынып калар жери жок, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оозунан көбүк чачылып, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Мурдунан чыккан көк буусу, / Кол ыштыктай буркурап, / Оозун ачып эстенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Башынан калмак сологой, / Балта чабат оң колдой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эңиш тартып бургутуп, / Жолдун четин жулгутуп, / Ыштыктан чыккан түтүндөй, / Артынан чаңын уйултуп, / Жел жетпеген күрөңдүн, / Жейрендей бутун сунултуп, / Айагы менен таш жарып, / Адырларды аттатып, / Жагалмай болуп т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ап, / Сел аккандай көк түтүн, / Аркасынан чаң чыгат, / Куусу угулса зыркырап, / Көлдө жүргөн каз-өрдөк, / Бакырышып чуркурап, / Оозунан чыккан көк түтүн, / Кол ыштыктай буркурап, / Койкүрөңдүн даңканы, / Казанкаптай кара таш, / Ойго учуп чыркырап, / Күкүм болуп чачылат, / Кумдан бетер быркырап, / Алдындагы Койкүрөң, / Жебедей … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал качып барып, ыштыкка кирип бекинет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →