ышкыр

китептерде 24 жолу, 9 китепте
  1. Ышкырык чыгаруу (оозу менен же ышкырыкты үйлөө аркылуу).
  2. өт. Ызылдаган, шуулдаган катуу добуш салуу (шамал, учкан ок, бороонго карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өрү тил учтуу канжар бар, / Учу кайкы шамшар бар, / Чойулуп чабар чоктор бар, / Очогор келте, Койчагыр, / Нечен түркүн мылтык бар, / Баарыдан мыкты жасаткан, / Ышкырып учкан жебе бар, / Түрүлгөн деңиз кептенип, / Түркүмдөп чыгаар эрлер бар, / Түртүшүп чыгаар шерлер бар, / Ушул турган чынмачын, / Эмнеден кемиң бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атанын кунун алсак деп, / Алп Манастын уулунан, / Очогорун октошуп, / Колумсага ок салып, / Соруучудай кумсарып, / Ажыдаардай ышкырып, / Ысык чөлгө чыдабай, / Ылаалап керки бышкырып, / Кызыл туман чыккан чаң, / Сексен байрак туу алган, / Бул экөө жеткир тукуму, / Беттешкенин кыйраткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Барча тоодой көрүнгөн, / Айчырайлуу, ак жүздүү, / Арстандын уулу Семетей, / Ажыдаардай ышкырган, / Адамдан башка иш кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →