ышкын

китептерде 23 жолу, 7 китепте
  1. Тоодо өсүүчү жазы жалбырактуу, сөңгөктүү, даамы кычкыл келген, солкулдак кезинде желе турган өсүмдүк.
  2. диал. Ашыктык, кумардык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кангайдыга хан Чиктей, / Кадигине албаптыр, / Атайлап издеп барбаптыр, / Жаның калып жай алып, / Балжууран, ышкын терип жеп, / Курсагың тойуп жал алып, / Кайта барып уурданып, / Хан Чиктейди алыпсың, / Уктап жатса өлтүрүп, / Жеңдимдеп элге барыпсың, / Уктабай басып турганда, / Кантип алың келалсын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ышкын менен балжууран, / Тайар тамак май куйган, / Балтырган менен мандалак, / Ой-тоодон издеп тамталап, / Барган жерде туш чыгат, / Жайнап жатат канчалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ышкын менен балжууран, / Боткоктору койкойуп, / Бүлдүргөн бышып төгүлүп, / Карагат турат мойтойуп, / Айуулар төрдө саксаңдап, / Токойдо шерлер чакчаңдап, / Кызыл ээк чал ойноп, / Жаш баладай шылкылдап, / Кызыл муштум жаш балдар, / Жүгүрүп ойноп чандаңдап, / Нечени жүрөт жөрмөлөп, / Бакадан бетер тарбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тоодон ышкын тергенде, отунга барганда, мени койчу эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →