ыш
- Күйүп жаткан оттун учкунунан, түтүнүнөн пайда болгон көө; түтүндөн бир нерсенин бетине саргайып туруп калган катмар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түндөсү күйүп жер жарып, / Тышкы бетин ыш алып, / Же өчүрүп койгон чыракбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…жинди, / Этин эмес шалдаган, / Чыгын кошо жалмады, / Үч жылдан бери камданып, / Дайарланган Акбалта, / Үч өгүздүн терисин, / Кермегин жакшы кандырып, / Карагай ышка төндүрүп, / Жел киргизбей көмдүрүп, / Орду менен тиктирип, / Жык толтура койдуруп, / Бишкек менен токмоктоп, / Талкуулатып урдуруп, / Эр жагында сабаасы, / Баш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оргуштап көккө созулган, / Жаккан оттун ышы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →