ысык
- Ысыган, ысуу аркылуу жогорку температурага жеткен.
- өт. Жаңы бышырылган, сууй элек, ыкчам тамак, оокат.
- өт. Бири-бирин сүйгөн, жакшы көргөн, жакын, ынак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ысыккөл менен Атбашы, / Алматы калса кыргызда, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Томсортот элек кыргызды, / Тордун баарын жырылтып, / Каракөз салды бузукту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп, Сарыбай дүпүлдөп, / Ороолонуп күпүлдөп, / Коркуп турат аскери, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Жайдын тамыз ысыктай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →