ыскат
- Эски, чалдыбары чыккан буюм (негизги маани).
- дин. Өлгөн адамдын буюмун, кийимин бирөөгө атап берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Доораны токсон толуптур, / Жуугандарга тогуздан, / Баарына окшош болуптур, / Ыскат атын токутуп, / Жаназасын окутуп, / Аруулап таза жуудуруп, / Ак кепинге салдырып, / Айак-башын буудуруп, / Жасатын жерге жашырып, / Бүгүн мында түнө деп, / Он кишини жаткырып, / Уктатып койуп Үрбүнү, / Кыркына эли күтүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сарамжалын бүт кылгын, / Жуугандарга он бештен, / Бар кийимим жыш кылгын, / Бары журтум жардаткын, / Бакайга башым карматкын, / Ыскат атым токуткун, / Кыйаматтык дос элем, / Кызыл арстан молдого, / Жаназамды окуткун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бардыгын бирдей сур байлап, / Ыскат атын токутуп, / Кыйаматтык дос болгон, / Кызыларстан молдого, / Жаназасын окутуп: / Бакай, Кошой карысы, / Көкбөрү, Төштүк, Каныкей – / Кеби бирге баарысы, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дооранын жакшы кылдырып, / Бидийасын өткөрүп, / Ыскатын токтутуп, / Кыйаматтык дос болгон, / Кызыл арстан молдого, / Жаназасын окутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →