ырчы

китептерде 118 жолу, 7 китепте
  1. Ырдай билген, ыр аткаруучу, жамакчы; ырдоочу артист.
  2. Ыр чыгарган, ыр жазган акын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…шканың, / Абаң Бакай жол баштап, / Артынан чоро далбактап, / Кошойду тосуп баратса, / Кол кабылды астында, / Сексен алты сан экен, / Серпишер эрлер бар экен, / Ырчы уул менен Боз уулга, / Хан Бакай берип тапшырма: / — Алып барып түшүр, — деп, / Алмамбеттин айлына, - / Айкөл Манас артынан, / Арылай кетти бастыра, / Калкылда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Арпанын башы жайыктан, / Ак жумуртка туйуктан, / Акшумкар чайкап куш кылган, / Айкөл шерге туш кылган” / Ырчылар ырдап жүргөнү, / Ошондон калды деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шернени баштап койушуп, / Кыз, келинди чогултуп, / Комузчу, ырчы кубулжуп, / Кызыкка булар толушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →