ыргы

китептерде 162 жолу, 10 китепте
  1. Аттоо, бир нерсеге чыгуу же түшүү, тура калуу үчүн секирүү, секирип кетүү.
  2. Түртүлүү, шарт бөлүнүү, атып кетүү, учуп түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →