ырба
- Күчөп кетүү (ооруга, көбүнчө жарага, шишикке карата).
- Ого бетер күч алуу, белгилүү болуу, жайылуу, күчөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тамак оору болобу, / Анын өтүн табышып, / Коктунун баары түлкү экен, / Бул түгөнгүс мүлк экен, / Ириңдеп эти ырбабас, / Мунун өтү дары экен, / Сүлөөсүнү көп экен, / Биздин элде ханда жок, / Ошол үчүн келиндер, / Ичик кийген кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кокодо өскөн бир жанмын, / Короолош жок курдашым, / Кулум десең, жараткан, / Кудайым сунгун жардамың, / Эрте менен кечинде, / Кайта ойлонуп санасам, / Кайгым батпайт ичиме”, / Адам таппас талаада, / Алмаңдын кетип амалы, / Арбып санаа ырбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тийген жери ырбаган, / Алжайгандан мал жайган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аргымак –төртөө жатышты, / Алып келет ал жерге, / Тайгандар айдап кайыпты, / Сомбилектин жанына, / Көп кийикти жарышты, / Бутун баатыр чырмады, / Жарасы күчөп ырбады, / Он беш күн өткөн кездерде, / Билбей калды сынганды, / Күндөн-күнгө жоонойуп, / Шишик басып чыңдалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бул сөз адегенде «имиш-имиш» сыяктуу болуп көрүнсө да бара-бара абдан чындыгына жеткендей ырбап, күчөнүп алган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →