ырас

китептерде 183 жолу, 10 китепте
  1. Чын, туура, анык.
  2. Жакшы, сонун.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катындык кылып Агеркеч, / Азгашып кетти дедиңер, / Алмамбетти чакырып, / Мында алып келиңер, / Ырас болсо ал иши, / Өлтүрүп аны бериңер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эмчегин берген Каныкей, / Торпокко салып кардадың, / Эмип кетсе бир торпок, / Какжаңдатып сабадың, / Ыраспы жалган иштериң, / Кантип тузаа табасың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Тартып алганым ырас. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ырас келбедиңерби, отургула. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →