ырам
- Кум бетинен төлгө ачуу, дубалоо, бал ачуу, далы көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ырчы уул деген бар экен, / Ыраман байдын уулу экен, / Анын айткан кеби бул экен: / — Кошулдук келип баатырга, / Кол салышты чогулуп, / Кан ичме моңгул каапырга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ырамандын Ырчы уулу, / Чыйрактын бири болучу, / Уруксат алып Бакайдан, / Удаа кирди мына бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ак кагазга жазгандан, / Ырамандын ырчы уулун, / Сүрөткө кошо тартыргам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →