ылама
- Чоң, башкы насаатчы. Тибеттеги XVI кылымдан бери лама чиркөөсүнүн жогорку дин башчысынын наамы; феодалдык диний башкаруучу жана динчилер сыйынган адам түспөлүндөгү «тирүү кудай». Ламаизмдин догмалык принциби боюнча Далай лама өлбөйт. Анын жаны өзү өлгөндө жаңы төрөлгөн балага «көчөт». Жаңы Далай лама ушундай балдардан шайланган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айжаңжүн менен бир келген, / Ылама деген бар эле, / Кырктын чоңу ал эле, / Ары баатыр, ары хан, / Өтө айлакер жан эле, / Туу көтөрүп кол баштап, / Келе жатат Ылама.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ылама болуп туу кармап, / Кол баштаган Алмамбет, / Кара болуп Сарала ат, / Жол баштаган Алмамбет, / Бейжин жаккы урчуктан, / Чыга калса тумшуктан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ылама, атың Чоңмерген, / Бирге окуп, бир жүргөн, / Амалың барбы бу кулга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ни, / Ачбуудандан Жолойду, / Аңтара койуп өттү эми, / Жер тайанып турганча, / Жеткилең Чубак жеткени, / Жолойдун башын кескени, / Кылычын тартып алганча, / Чоң Ылама мергени, / Ойон Чубак баатырды, / Көмө койуп өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чоң Ылама мергенге, / Бүткүл кытай журтунда, / Мен өнөрмүн дегенге, / Барбаганым калбады, / Бирөө жарап керекке, / Кек алып бере албады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →