ылай

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Топурактын сууга эзилип, чалмаланып, баткакка айлангандагысы.
  2. Чалчык, киргил, чалмаланган (ылайланган сууга карата).
  3. Кыш куюу, колек жасоо, дубал согуу же шыбакка пайдалануу үчүн атайын жасалган баткак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…е, / Балдырап тили бурулуп, / Ого бетер өчөшүп, / Ошондой кезде бой уруп, / Кара тер агып былчылдап, / Бучкагынан чубуруп, / Бүткөн бойу суу болуп, / Чылпылдап ылай жуурулуп, / Азуулары качырап, / Айнектей көзү чачырап, / Бүдөмүк тартып күдүңдөп, / Буулуккандай күжүлдөп, / Үндөрү күндөй күркүрөп, / Адамсыз талаа дүркүрөп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Булчуң эти булт этип, / Таначардай булчуң эт, / Жерге түштү шылп этип, / Карыдан каны чубуруп, / Камчы саптай куйулуп, / Төбөйдөн аккан канына, / Былчылдап ылай жуурулуп, / Кененимдин ишине, / Өңкөй калмак көп журттун, / Заманасы куурулуп, / Найза, чокмор, кылычтан, / Ажыраган чоң калмак, / Балтасын кармап сабынан, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Орто жери ойулган, / Эки чети кошулган, / Ойбут эле Сазаңды, / Бешкулактын беш уулу, / Үч кишиси - сегизин, / Басып ылай жан алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— / Деп, Гүлчоро айтты эле, / Эңкейип карап Канчоро: / “Ырас айтат Гүлчоро, / Бир басып кеткен ылайга, / Эркек жылкы изи эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ От менен суунун арасы, / Кызыл жалын от тийбей, / Ылайланган суу кирбей, / Бир чынардын турганы, / Чынарга зыйан кылбады, / Ачып көздү жумганча, / Күйгөн жалын, ылай суу, / Баары калбай кургады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →