ыкыс

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. диал. Док, доомат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ндоосуна келгенде, / Баспай калган Майтору, / Кош кулагын кайчылап, / Ачуу үн чыгып кишенеп, / Айгырдан бетер аркырап, / Ооздугун тиштеп нидерип, / Алдын карай ыкыстап, / Дегдеңдетип көкжалды, / Желе басып ыкчамдап, / Айбан да болсо Майтору, / Кош айтышкан немедей, / Аркасын карап кылчаңдайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Камчы келип тийерде, / Айбандан артык Кеңкула, / Ордун сала берди эле, / Азыраак ыкыс желди эле, / Кененимдин жанында, / Кара каңшар турган таш, / Камчынын учу тийгенде, / Коргошундай мөлт этип, / Жайнап түшүп жок болду, / Мөлтүрөп туруп көйкөлүп, / Уйуган аппак шор болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акбалта уулу Чубакты, / Жоо бөрүсү чунакты, / Он миңче торчу топ болуп, / Тегеректеп тап койуп, / Эки балбан ороңдоп, / Бир пили желип тороңдоп, / Ортосуна алыптыр, / Ыкыс берип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
батпай көөдөнгө, / Куткарбас байкуш кубанат, / Салмоордун ташы зыркырап, / Асман-жердин арасы, / Келе жатат чыркырап, / Балтаны кармап кара көк, / Карап турат ыкыстап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…калбайт шашылып, / Найзасын оңдоп имерди, / Шак-шакка болжоп найзаны, / (Андай нечен ыкымдуу, / Эрден алган канчаны), / Найзасын кармап тыкыстап, / Карап турат ыкыстап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →