ыкым
- Эпчилдик, шамдагайлык, ыктуулук.
- Сыр, ал-абал, ык, көңүл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аккула менен айкөлүң, / Аңгыча келди ал жетип, / Жана ыкым кылганча, / Кадалды найза бооруна, / Шум түлкүнүн мылк этип, / Арстан алып түлкүнү, / Абаң Бакай эр баштап, / Бары салды күлкүнү, / Арзан эле жолуккус, / Бир түгөнгүс мүлк ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…гон нардай доңдойуп, / Жана кирди качырып, / Адамдан башка Гүлүстөн, / Ага калбайт шашылып, / Найзасын оңдоп имерди, / Шак-шакка болжоп найзаны, / (Андай нечен ыкымдуу, / Эрден алган канчаны), / Найзасын кармап тыкыстап, / Карап турат ыкыстап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →