ыкшый
- Шылкыюу, чарчоо, көзүн үлүрөйтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бир кезде Беккулдун башы айландыбы айтор, кесип бараткан солунун башына жетпей туруп, өңү кубарып мындай чыкты да, дүкүйгөн бир шыраалжындын түбүндөгү көлөкөгө барып, ыкшыйып калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Болсо аңтарып таап ал,— дегендей кылып, кынжылган түр менен көзүн ыкшыйтып, стражникке карады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыздар ары-бери караса баягы жез кемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок билегин камчыланын келе жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →