ыкша
- Ары-бери кыймылдатып, чайкап шыкоо, копшолтуп ыкшоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ыкшап сайып өткөрүп, / Найзага илип көтөрүп, / Дабытайды калдайтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокморун колго алганда, / Кайра айланган маалда, / Бакалоордун бези деп, / (Жыгылгандан туулгасы, / Ыргып кеткен башынан) / Неченди сайып маш болгон, / Он үч-он төрт жашынан, / Жандай түшүп муштады, / Тартып албай найзаны, / Эки имерип ыкшады, / Жүрөктүн толто канына, / Найзанын учун чыктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балтаны байлап жанына, / Салып жетип келгенче, / Мадыкандын алдына, / Найзаны кармап сабынан, / Ыкшап сайын абыдан, / Так көтөрүп алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Арка сөөгү калың, деп, / Найза кечпейт такыр, деп, / Кокосуна кол жетпейт, / Узун экен капыр, деп, / Жука жери ушул, деп, / Дал бөйрөктүн тушуна, / Кабелтең найза муштады, / Найзаны канга чыктады, / Тартып алып баратып, / Тегеретип ыкшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →