ыктуу
- Ыңгайлуу, жайлуу; ылайыктуу.
- Иштин, иштөөнүн ыгын билген, эптүү, шамдагай, эпчил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келбестин жайы ушул го, / Түндүк менен түштүктүн, / Арасында аш берсе, / Калбай баары бүт келет, / Ыктуу болсо конолго” / Деп ойлонуп Бекбача, / Жерди чардап көрмөккө, / Конушту мурун белгилеп, / Анан ашты бермекке, / Аттанып баатыр жөнөдү, / Атайын жерди көрмөккө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алжан, алчын уруусун, / Аксакал менен жакшысын, / Айылды билген башчысын, / Кишиге жакын ыктуусун, / Тилге жакын шыктуусун, / Балта чабар мыктуусун, / Өзүнө тайын Мөңкөтай, / Чыкыртып алды үйүнө, / Мадыбектин айылына, / Аңдуучу киши койдурду, / Маданадан ук…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Найза сайар ыктуулар, / Сайышка чыкчу мыктуулар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →