ыкта2
- Корголоо, жашынуу, жан соогалоо, жакындоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дөө жагына ыктады, / Чоркоктук кылып Кызыл алп, / Үстүнөн алыс муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бугусу жүрөт топтошуп, / Буруу сайын оттошуп, / Адамды көрсө ыкташат, / Ыктап келип жытташат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тынчы кетип Чүрөктүн, / Толгоо келип кыстады, / Кастык кылчу катындар, / Жакындашып ыктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тим кишиге ыктаган, / Тили оозуна жукпаган, / Кай жумушка бет алса, / Кадоосун чыңдап мыктаган / Кеп айтканы шар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көп бүлө тыгылып-сыгылып, эшикти карай ыктап, тар алачыктын төрүн үчөөнө бошото бердик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →