ыйык

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Касиеттүү, баалуу, кымбат.
  2. Кол тийгис, касиети бар.
  3. Ийин, жалпы эле адамдын желке жак тарабы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырдын жолун жолдойлу, / Ыйык Ата Мекенди, / Манаска окшош коргойлу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алдында минген Кеңкула: / — Мен чыдайын жүрүүгө, / Сен чыдасаң минүүгө, / Ыйык жалдан кармасаң, / Өнөрүмдү карматам, / Көзүңдү жумуп сен алсаң, / Төрт айагым бир кезде, / Тепе-тең түшөт бир жерге, / Ошондо менин жеткеним, / Болжолду барчу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арстан Манас баатырың, / Жардан чыгып кете албай, / Же Коңурбайга жете албай, / Жалында турат зарыгып, / Айкөл шериң ошондо, / Куйушкандан көтөрүп, / Ат көчүгүн чөгөрбөй, / Ыйык жалдан тарткылап, / Амал кылып акырлай, / Коңурбай турган кечүүгө, / Келди эми жакындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ыйык жалдан бек кармап, / Сол колу менен алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →