ыдыра
- Тигишинен, жигинен ажырап кетүү, сөгүлүү.
- Бириндеп, ажырап, бөлүнүпбөлүнүп кетүү, тароо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жалындап көздөн от жанып, / Жаалы салып турушту, / Чокморлошуп койушту, / Колтуктарын чойушту, / Кылычтарын алышып, / Кыйкырык-сүрөөн салышып, / Кылычтын мизи ыдырап, / Балталашып киргенде, / Калкандары быдырап, / Чарт айрылып чарайна, / Найза тийип такылдап, / Жарылып калган жиктенип, / Балтанын сырты шакылдап, / Тили батп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балтанын сырты чакылдап, / Найзанын учу такылдап, / Талыкпай уруп бергенде, / Алжырдын жапкан калканы, / Жарылып кетти талаалап, / Торгой көз темир бадана, / Ыдырап кетти салаалап, / Салаңдап чынжыр самсаалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тигиштен бетер ыдырап, / Талкаланды кабырга, / Шайы кетип алсырап, / Калбады алы качарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чириген бөздөй ыдырап, / Бүчүлүктөр калбады, / Өрттөнүп өлгөн Кыйаздын, / Өжөрлүгү кармады, / Түшө калып Күрөңдөн, / Эр Гүлстөн жолборсту, / Жакасынан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мурунтан кыргыз элдери, / Бирин бири кайсашып, / Ыркы кетип ыдырап, / Алсызды алдуу айсашып, / Кырылып келген кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →