ыдык
- Кордук, зордук, ыза.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саптан чыкты бөлүнүп, / Залкар тоодой көрүнүп, / Беттен чыккан ыдыгы, / Жааган күндөй төгүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мурункудай эр тике, / Беттешип найза уралбай, / Алымсарык баланын, / Ыдыгына чыдабай, / Качып берди уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Манасты, / Алдымда кызмат кылдырып, / Каңгайга барып жанайын, / Алаштын айлын кыдырып, / — Мына мунтип Бадыкөл, / Күпүлдөдү бир далай, / Карманаптын кишиси, / Ыдыгына чыдабай, / Саксаңдаган капырдын, / Жүзүн карап туралбай, / Кет дегенде жөнөдү, / Камчыга атын бөлөдү, / Жөнөп жатып кылчайып, / Бадыкөлдүн аскери, / Аттанганын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейдин барында, / Суркойон минип элирип, / Гүлчоро жүргөн чагында, / Урумга барып кол салып, / Өткөргөн ыдык аларга, / Көөнү ачылат Орусхан, / Гүлчоро кулду алганда, / Бура тартып Айчүрөк, / Бузулуп өңү кумсарып, / Ачуусу келип сумсайып, / Аккуу кебин колго алып, / Ап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кармагандан кан чыгып, / Карагандан жан чыгып, / Аркасында айдары, / Сайга чыккан тал чыбык, / Ыдыгына чыдабай, / Алдынан шамал дуу чыгып, / Кара жүздү байкаса, / Кудай бетин нары кыл, / Кужулдаган куу чыгып, / Куйругунан атынын, / Созула түшүп, буу чыгып, / Кар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →