шүмшүк

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Байкуш, бечара; жек көрүндү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күчтүү урган Сырнайза / Ар жаккы такыр колтуктан, / Кылтайып үчү чыкканы, / Мыктысынган шүмшүк кул, / Жер кучактап жатканы, / Беттешкенин мент кылып, / Жоомартты жерге жастады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…а алса Ыраңкүдүк, / Көрүндү ага айгине, / Күмөндүү болбой аң дүдүк, / Козголбос Какан журтуна, / Болуптур өтө чоң түйшүк, / Жабырады Коңурга, / Жаппай айтып ал шүмшүк: / — Куу өрдөк, кулжа, түлкүгө, / Өлүмдү кыргыз бериптир, / Балапан өрдөк бечара, / Байкатпай качып келиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Батар жериң калбаптыр, / Барсаң барчы ой шүмшүк! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →