шүк

китептерде 45 жолу, 8 китепте
  1. Тынч, жөн, жымжырт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Антип сурап турду эле, / Бирин-бири тиктешип, / Үстүнкү кашын серпишип, / Астыртан ээрин тиштешип, / Сыр бербейли шүк дешип, / Байлап алып кетели, / Камынгыла жүр дешип, / Кол сала албай качырып, / Апкаарышып сүрдөшүп, / Сен бирдеме дегин, деп, / Баш кишини күүлөшүп, / Билип т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Убара болбой мынчалык, / Жатсаң боло шүк эле, - / Бозуул деген бар экен, / Кеп айтканы шар экен, / Тили таттуу, боору таш, / Өзү чүлүк бала экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көзүн көрбөй шүк болдук, / Атамдын кунун алайын, / Бербеймин десе Семетей, / Талкан кылып коргонун, / Талаа кылып ордосун, / Такыр кылып чабайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кара калпак эли бар, / Шүкүрлүү бетбак жери бар, / Коромжу менен Калдуубет, / Кол салды деп тынч элге, / Абыке менен Байтерек, / Айтып келген кеби бар, / Кордук көргөн ал элдин, / Жүрөгүндө чери бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →