шырп
- Жалбырактуу, чөп-чарлуу жер менен жүргөндө, аралаганда чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбача турат кылтылдап, / Оң жагына булт берип, / Сол жагына кылт берип, / Аркасында жылт этип, / Алдын карап шырп этип, / Жолборсу минген Майтору, / Кош кулагын жапырып, / Аркасын карап кылчактап, / Сымаптай болуп кылтылдап, / Койондон бетер бултуңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылдыздан мончок тагайын, / Шырп алдырып, сыр бербей, / Манжу менен жапандын, / Алда кандай сыры бар, / Анык кабар алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мен төрт балага бир салынган өз төшөгүмдү таап алдым да, жылуу төшөктүн бир четин билдирбей ачып, жанга шырп алдырбай барып жылаандай жылып кирип кеттим...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →