шыр

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Тез, токтолбой, шыдыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп тапшырып Бекбача, / Жүрүп кетти бастырып, / Кол көтөрүп дүр этип, / Бата берди калың эл: / — Ачык болсун жолуң шыр, / Жолдошуң болсун кыдырлар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кызыл канга бойолуп, / Шыралуу турса тигине, / Сен карап турсаң эрмин, деп, / Катай, кандай кеп эле?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кара койун өрдөдү, / Туулгалы Ажыкең, / Мындай жерди көрбөдү, / Асмандагы жылдыздар, / Кыбыла көздөй сыйлыкты, / Өрдөп чыкты Ажыбай, / Таш ырабат шыркты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сооруга найза мылк этип, / Тоо томорчуу куткарбас, / Томолонду шылк этип, / Чыпалактай кара кан, / Жерге түштү шыр этип, / Телкүрөң оозун тарткыча, / Шайтанын койбой каккыча, / Кумсар сыйкыр, шум канчык, / Экөө эки кош болуп, / Алып кетти шып этип, / Сасык туман каптады, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Угуп туруп Кутургур, / Оозунан түтүн бур этип, / Көзүнөн жалын шыр этип, / Тоосур атка камчы уруп, / Качырып тийди Сейитекке, / Куу найзаны сүйрөтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →