шым
- Багалектүү, белден тушарга чейин кийилүүчү кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ы, / Алгаранын сооруга, / Чалкасынан кулады, / Анткени менен Коңурдун, / Аттан жерге жыгылбас, / Абалтан берки адаты - / Алты кабат темирден, / Ок өтпөс буулуң шымынын, / Аласынан өткөрүп, / Арчындап бекем тагынып, / Антип жүргөн санаты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатыр Тапак талпактап, / Этектери далбактап, / Булагайлап жеңдери, / Шамал чыгып салбактап, / Кең багалек кайыш шым, / Топурак учуп балбактап: / — Эреним Сейит, кайдасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ок өтпөс буулум шым кийип, / Багалеги балкылдап, / Алгара минип алкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Беккул шымын чечип колуна кармап алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →