шылы

китептерде 13 жолу, 8 китепте
  1. Ажыратып кесүү, сыйрып алуу, ажырата бөлүү.
  2. Кыя чабуу, кыя кесүү.
  3. өт. Тоноп алуу, эчтемесин калтырбай тоноп кетүү, алып коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачык айтчы Көкбөрү, / Алып келер жолумду, / Же чачынан кармап шылыйтып, / Кан кылбастан колумду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эң алдына сен баргын, / Мурдун шылый чапкының. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тиктеп жатса шылыйып, / Ирмебей көзүн кылыйып, / Элестеген кыраңдан, / Көрүндү көзгө бир неме, / Жакындап келди бугуга, / Карап жатса бир неме. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Колунан бир сапар бошой түшкөндөй болдум эле, кайтып жана жетип, желкемден муунтуп, кармап алып дагы бир топ шылып жиберди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →