шыка
- Абдан ныктай салуу, батырымдуу кылып ныктоо, тыгуу; таптоо, ныгыруу.
- Зордоп ичирүү, жедирүү; ашыра ичирүү, тойгузуу.
- Чукул, такай баруу, дал түбүнө жете келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Дуулат менен Темирбай, / Өтүгүн чечип, кум шыкап, / Мойнуна артып айда!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Томолок таштан чогултуп, / Алтымыш батман таш шыкап, / Туруп бербей кыргызга, / Аралап киргин койгулап, / Асмандатып ыргытпай, / Тизеге болжоп чойгула.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…нас жарат — деп, / Каным суудай агат-деп, / Колуна түшсөм Манастын, / Кантип тирүү койот — деп, / Тим эле кесип баш албай, / Теримди тетир сойот — деп, / Саман шыкап териме, / Бир жерге асып койот” — деп, / Кечилдин ханы Коңурдун, / Ойуна кетти далай кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кандын кызы атасы элди чакыртып жатканда бир жаманга берерин билип күйөөсүнө, өзүнө эки кабаттап кийим жасатып, анын ичине алтындан шыкап тиктирип коёт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →