шыбак2
- Курулуштун дубалдарына, шыптарына шыбалган кумдуу ылай, кумдуу цемент.Үйдүн эски шыбагын түшүрүп, кайрадан жаңыртып шыбашты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жандан кечип урушмак, / Намыс үчүн мындайда, / Деп Бекбача бөлүндү, / Майтору менен жулунтуп, / Кой шыбактан башка жок, / Жаткан талаа түз экен, / Бекбачанын карааны, / Көргөн элге жүз экен, / Каар салышкан душмандын, / Өз башына күч экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылтырканы, шыбагы, / Жылжып аккан булагы, / Томуктай болгон тоосу жок, / Толкуган дайра суусу жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алла таала жан кылып, / Жаратканда буйругу, / Чыныкеге сүт берди, / Ачамай айры шыбактай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бетеге менен айуу чач, / Көөдө менен кой шыбак, / Кара кыйак буудай баш, / Түлкү мурун, жылтыркан, / Күн чагылып кулпунган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сырештен желим алдырып, / Чарага куйуп чалдырып, / Сыртына шыбак тарттырып, / Салакасын арттырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →