шыба
- Сүртүү, сүйкөө, сүртүп жугузуу; шыбактоо, шыбак салып жылмалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыдыгыңды чыгарам, / Таңгыттарга, Конушпай, / Алтын менен сырдатам, / Бүт бойуңду шыбатам, / Күзгүдөй көөнүң жаркытып, / Анан кийин уз атам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айал-үйөл кылбады, / Аттарга камчы шыбады, / Качырып найза сунганы, / Өрү калган Желжетпес, / Кайра качып жалтаңдап, / Сыр алдырып турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арыгансып калбастан, / Ажымдын артып өнөрү, / Кеңкол өөдө жөнөдү, / Шылтоологон эмесин, / Камчыга шыбап бөлөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайнатма кара дарыны, / Тышынан чаап шыбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ичи-тышы шыбалбаган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →