шуру

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Деңиз алдындагы жарларда топ-тобу менен кыймылсыз абалда жашаган жаныбарлардын акиташка айланган калдыктарынан пайда болгон кызыл, кызгылтым, ак түстүү таштар, маржан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Куйрукка буудай чөгөрүп, / Семизинен баса албай, / Кишинин баары көгөрүп, / Боз улан кемер курчанып, / Кыздары үкү сайынып, / Тогуз-ондо кыз балдар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагынып, / Эки эли кундуз жээктеп, / Белдемчисин кагышып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Эми азыраак кабар алалы, / Атасы эзип суу берип, / Көзүн ачып жер көрүп, / Ордунан коппой солк этип, / Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Катындары уйаттуу, / Кыз балдары кымбаттуу, / Жубандары сымбаттуу, / Келиндери келбеттүү, / Бай-жардысын билгисиз, / Баарысы шуру-берметтүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
аттын, / Камбар ата сылаган, / Беш колунун тагы бар: / Аркасында айкөлдүн, / Учкашкан кызы дагы бар, / Шөкүлө кийген башына, / Көрүп айран калышты, / Тагынган шуру ташына, / Бермети жерге төгүлүп, / Утур келсе маңдайга, / Туулгадан ашып койкойуп, / Шөкүлөсү көрүнүп, / Өтө көркөм кызыл кыз, / Өзү жандан узун кыз, / Дүркүрө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шурудан таккан чач мончок, / Майсооруда шаркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →