шор2
- Суюктукту катуу, тез-тез ууртаганда же мурдун тартканда чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мендей болбойт шор маңдай, / Бекбача жатпайт дем албай, / Манжудан барып кек албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыйар капыр кектенди, / Кыйамына келгенде, / Кыргыздын кыраан баатыры, / Кыйкырып ураан чакырды, / Кый сүбөөдөн бир сайып, / Кытайдын шорун катырды, / Токтоо кылып турбастан, / Башын кести капырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөөнү баш кылып, / Албаганы жок экен, / Уруудан чыккан эр экен, / Ойротто мындай жок экен, / Азыркысын Кененим, / Жайнап жаткан чок экен, / Катылышкан ошого, / Капташкан эрдин шору экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күлүн жерге түшүрбөй, / Самаркан карай кетүүчү, / Жазыктын кызыл шоруна, / Отуз жолдун оозуна, / Тогуз жолдун тоомуна / Алпарып кумга көмгүлө, / Үстүнө таштап үйгүлө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →